www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк Бишкектин борборунда кымбат баалуу кеңседе отурат. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган холдингдин Бишкектеги жаңы офиси Панфилов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, айына 50 миң доллардын тегерегинде ижара акысын төлөйт.

«Бөлтүрүккө чейин аталган компания «Учкундун» имаратында жайгашкан. Азыр алардын кеңсеси Бишкектин чок ортосунда, Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Менин балдарым айына 50 миң доллар төлөшөрүн аныкташты. Бул абдан кымбат», — деди Токторбаев.

Ошондой эле, эл өкүлү мындай кадамды туура эмес деп катуу сынга алып, мамлекеттин карамагындагы бош турган имараттардын бирин колдонуп, бюджеттин акчасын үнөмдөөгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости