www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Кант” авиабазасы 2003-жылдан баштап Орусия менен түзүлгөн келишимге ылайык Кыргызстанда жайгашкан. 2019-жылы март айында Орусиянын президенти Владимир Путин иш сапары менен Кыргызстанга келген. Бул иш сапары учурунда Кыргызстан үчүн олуттуу көп документтерге кол коюлган. Ошолордун бири “Кант” авиабазасы боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизилген. Орусия ижара акысын 291 миллион долларга көтөргөн. “Кант” авиабазасы Орусияга сатылып кетти деген маалымат жалган экенин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тастыктап кетти. Учурда учуу тилкесинде ремонт иштери жүрүп жатат.

Парламент “Кант” авиабазасы боюнча Келишимге болгон өзгөртүүлөрдү жакынкы отурумдарында карап чыкты. Кыргызстан Орусия Федерациясына көп жылдык мөөнөткө 25 сотыхка жакын жерди ижарага берет. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети билдирди. Бүгүн комитет 1999-жылдын 17-июлунда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы чек ара кызматташуусу боюнча макулдашуусуна кошумча келишимдин долбоорун карап жана колдогон.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров комитет жыйынында аталган документтин негизинде кыргыз тарап РФ чек ара кызматкерлерине турак-жай, казарма жана башка керектүү нерселер менен камсыздоо милдетин алгандыгын айтты. РФ чек арачыларына мурда Новопокровка аймагынан (Чүй облусу) имарат берилип, бирок ал жарактан чыгып калган.

"Жараксыз акыбалга келгенге байланыштуу башка жерден имарат таап, ижарага алып, ошол жерде отурушат. Аларды сатып алуу боюнча бир топ маселе коюлган. Сүйлөшүүлөр жүрүп отуруп, имараттарды жеке тараптан сатып алышкан. Кыргыз тарап менен генералдык келишим болгондуктан КРдин кепилдиги болсун деп суранышкан", — деди Бакиров. Андыктан мамлекет тиешелүү бир нече процедуралардан өткөрүп берерин айтты.

"РФ жеке тарап менен келишим түзүп мүлктү алып жатат, андан кийин КР тарап ал мүлктү кадастрдан каттап, жерди мамлекеттик статуска ээ кылып, анан мүлктү жеке менчикке, ал эми жерди көп жылдык пайдаланууга берүү милдеттенмесин алып жатат", — деди Бакиров.

Кеп Бишкек шаарындагы Жибек Жолу (№ 539) жана Керимбеков көчөсүндөгү (№ 107) имарат, жалпы муниципалдык колдонуудагы жер туурасында болуп жатат. Бакиров булар баш-аягы 25 сотыхка жакын болорун айтты. Имараттар Чек ара кызматынын, тагыраагы, Орусия тараптын менчигине өтүп, жер жана анын айланасындагы тилкелер 49 жылга ижарага берилмекчи.

 

Орусиянын аскер кызматкерлери Кант авиабазасына бара турган темир жолду ремонт кылууну чечишкен. Орусиялыктар тарабынан 500 метр жер ремонттолуп, 400 темир-бетон шпалы жана 35 тонна рельс алмаштырылат.  Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан. Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат. АКШ тарабынан 2011-жылдагы террор учурунда кийирилген «Ганси» авиабазасынын чыгарылганына көп жыл болду. Президент кезинде  Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы бириккен аскердик базасынын статусу жана жайгашуу шарттары жөнүндөгү макулдашууга кошумча киргизүү тууралуу протоколдун ратификациясын бекиткен мыйзамга кол койгон.

Бул протоколго эки өлкөнүн башчылары 2019-жылдын 28-мартында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде кол коюшкан. 2019-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш аны дароо үч окууда колдоп берген. Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Протоколго ылайык, базанын аянты 924,52 гектар деп жазылды, бул 2012-жылдагы макулдашууда жазылгандан 58,32 гектарга көп. Ошого жараша орус тараптын базанын ижарасы үчүн төлөөчү акысы да жылына 291 миң 600 долларга көбөйөт. Азыр жыл сайын 4 млн. 502 миң 495 доллар төлөнүүдө. Орусия 2012-жылдан берки айырманы да төлөп берүүгө макул.

Бирок көптөн бери элдин тынчын алган протоколдогу экинчи өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жүрөт. Ал Канттагы авиабазанын учуу-конуу тилкесин Орусиянын менчигине өткөрүүнү камтыган пункт. Буга базанын учуу-конуу тилкесин 2 миллиард рублга оңдош үчүн сөзсүз түрдө орус тараптын менчигине өткөрүү зарыл деген жүйө келтирилип жатат.

Стратегиялык өнөктөшүбүздүн бизге болгон мамилеси биз ойлогондой эмес экен. Муну ачык-айкын көрсөтүп жүрөт. Биз канчалык жагынганыбыз менен ал бизге автономдуу облусундай эле мамиле кылат экен. Президент элдин өкүлү, демек бизди эл катары деле көрүшпөй жүрүшкөндөй. Биз аны мурда турмуштук жагдайда көп эле жолу көрүп келгенбиз. Акыркы мезгилде Түркиянын «Байрактар» учуучусу жок учагы Украинада Донбасска каршы колдонулган. Түркия менен Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттик уюм аркылуу кызматташууда. Бүгүнкү күнү Түркия менен Орусиянын ортосундагы мамиле супсак деп айтууга да болбойт. Эгерде биздин президенттин аппараты коомчулук менен коммуникацияны түз, жакшы курганда балким мындай божомолдор дагы чыкмак эмес. Бизде кандай көйгөй көтөрүлбөсүн президенттин деңгээли эмес дегендей мамиле кылып, формалдуу пресс-релиздерди жарыялап коюшат. Ошондой эле өнөктөш мамлекеттер менен дагы коммуникация начар экен. Бул стратегиялык өнөктөштөрдүн ортосундагы мамиленин көрсөткүчү эмес.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости