www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марат Казакпаевге абакта коркутуу болгону айтылды

Саясат таануучу Марат Казакпаев абакта отурганда эки нерсеге арызданып жүргөн. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, алгач Казакпаевдин жубайы ага психологиялык жактан кыйноо болуп жатат деп арызданган.

"Ал тергөөчү "№1 СИЗОго жөнөтөм, ал жактан тигиндей-мындай болот" деп коркутуп жатканын айткан. Жубайынан арыз түшкөндөн кийин өзүм барып Казакпаев менен эч кимдин катышуусу жок жекече жолугуштум. Бирок ал басым жасалбаганын билдирди. Аялы көзүнө лампа такап кыйнашканын айтты эле, аны да сурасам "жок" деди. Кайра-кайра сурадым, болбосо жеке өзүмө айтыңыз, эч жакка чыгарбай колдон келген аракетти көрөйүн дедим. Ал кишинин арызданганы эки гана нерсе болду. Биринчиси — №1 СИЗОго которуу менен коркутуп жатканы, экинчиси — медициналык кароодон өтүү зарылчылыгы", — деди Рысбеков.

Ошондой эле ал улуттук борбордун биринчи кайрылуусунун натыйжасында саясат таануучу медкароодон өтүп, ооруканага жаткырылганын белгиледи. Ал эми кийинки кайрылуусу, тилекке каршы, жыйынтык бербей калганын айтты.

Эскерте кетсек, бир жылдан ашык тергөө абагында кармалып турган саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнь күнү каза болгон. Андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости