www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен мамилебиз абдан жакшы. Бул тууралуу КР улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Жаңы жүздөр" басылмасынын башкы редактору Лейла Саралаева менен болгон маегинде билдирди.

"Мунун бары ушак. Бизде башкы кол башчы, урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич менен мамилебиз жакшы. Жана ошол бойдон калат. Анткени бул анын да, менин да кызыкчылыгымда эмес, бул жерде Кыргызстандын элинин, өлкөнүн кызыкчылыгы жатат.

Демек, мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Мен урматтуу президентибизге эч качан каршы чыкпайм. Ал мага карата да, өлкөгө карата да каалаган чечимди эркин кабыл алат. Биздин мамилебиз абдан жакшы. Мен мамилебиз саясаттан кийин да ушул бойдон калат деп ишенем. Бул саясат да бүтөт. Муну биз абдан жакшы түшүнөбүз. Биз эстүү адам катары мунун баары качандыр бир күнү бүтөөрүн жакшы билебиз. Ар нерсенин мөөнөтү бар. Ал дагы президенттиктен кетет, мен бул кызматтан кетем. Биздин мамилебиз ошол бойдон калат", - деди Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости