www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь айындагы нааразылык акциялары маалында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султандагы резиденциясында болгон жана өлкөдөн чыгып кетүү кеңеши берилгенине карабастан мекенин таштап кеткен эмес. Бул тууралуу ал "Россия 24" телеканалына берген маегинде билдирди.

"Мен ал учурда (январь окуясы) ушул жерде, президенттик резиденциянын имаратында болдум, эч жакка чыккан жокмун. Анын үстүнө, албетте, мен бул жерде түнөдүм", — деди Токаев телеканалдардын бирине берген маегинде.

"Мага кээ бир "жолдоштор" тик учакка, же учакка отуруп, Казакстандан чыгып кетүүнү сунушташты. Албетте, бул менин планымда жок болчу жана мен бул жерде аягына чейин болушум керек деп ойлогом", - деп түшүндүрдү мамлекет башчысы.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрү башталып, өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышкан. Кийинчерээк нааразылык акциялары башка шаарларга, анын ичинде республиканын эски борбору жана эң ири шаары болгон Алматыга да жайылган: ал жерде талап-тоноолор башталып, согушкерлер мамлекеттик мекемелерге кол салышкан, курал-жарактарын тартып алышкан. Буга жооп иретинде бийлик 19-январга чейин өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялап, антитеррордук операция баштаган. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, тополоңдун натыйжасында 230 адам, анын ичинде 19 коопсуздук кызматкери набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости