www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрмө өзүнчө өлкө болуп калды. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында абактарды толугу менен радикалдуу реформа кылуу керек.
"Кыргызстанда күн сайын миңдеген адамдар кыйноолорго кабылат. Түрмөлөрдү криминал башкарат. Ал жакта "смотрящий" дегендер бар. Мына ошолор менен сүйлөшкөндөн кийин гана ысык сууга жууна алышат. 100 сом берсең жууна аласың, бербей койсоң муздак суу берип коюшат же таптакыр жуунбай каласың. Ата-энеси берип жиберген тама-ашты ошолордун уруксаты менен гана киргизет. Тамакты эртең менен ысык кезинде алып келишет, акча берсең дароо, бербесең кечинде муздап калганда киргизишет. Кыйноо да мунун баардыгы. Карабайсыңарбы, тыйбайсыңарбы ушуларды. Кантип көрбөйсүңөр ушундай нерселерди. Ал жакта жалаң криминал жана акча", - деди депутат Акаев.
Белгилей кетсек, депутаттар абактардагы кыйноолор, адам укуктары тууралуу маселени кароодо.
Булак: NazarNews.kg