www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Сатыбалды Жээнбековдун сырдуу өлүмү...

Сатыбалды Жээнбеков Амиржанович 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган.

1975-жылы Орусиянын Мичурин шаарындагы педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1975-жылы Сузак районундагы А.С.Пушкин атындагы орто мектепте мугалимдик кесиптен баштаган. 1976-жылдан 1980-жылга чейин ушул мектептин директору болуп кызмат өтөгөн. Андан кийин Сузак районундагы №36-айылдык кесиптик-техникалык окуу жайынын профсоюз уюмунун төрагасы кызматына шайланган.

1982-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин практикант-диктору болуп ишке орношуп, 1988-жылы жогорку баскычтагы дикторлукка чейин жеткен. Ушул мезгилдерде С.Жээнбековдун чыныгы дикторлук чеберчилиги ачылып, кыскача маалыматтарды окугандан тышкары көркөм чыгармаларды, фильмдердин текстин таасирдүү окуган адис дикторго айланды.

Ал эми 1989-жылы мамлекеттик телерадиоберүүлөр боюнча комитеттин профсоюз уюмун жетектеп, кызматкерлердин укугун коргоо жана аларга шарт түзүп берүү жагынан бир катар алгылыктуу иштерди аткарган. Дайыма айткан убадасына турган, калыс, чечкиндүү жетекчи катары жамааттын эсинде калды. Мындай сапаты жана иштермандыгы Сатыбалды Жээнбековду 1991-жылдын февралынан тартып Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагалык кызматына дайындалышына чейин алып келди.

Бул мезгил Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүктү жаңыдан алган мезгил эле. Бардыгы жаңыдан түзүлүп жаткан. Ушундай шартта Сатыбалды Жээнбеков салмактуу кадамдарды жасап, телерадионун дагы өзгөрүшүнө алып келе турган иштерди баштаган. Компаниянын ишин жакшыртып, элге жакындатуу максатында реформа жүргүзүүнү максат кылып, аны кызматкерлер арасында аттестациялоо ишин баштаган.

Сатыбалды Жээнбеков телерадио кызматкерлеринин арасында чынчыл, ак ниет, адилет жана иштерман кызматкер катары таанылып, ушул күнгө чейин урматтоону жаратып келет.

Сатыбалды Жээнбеков тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. Тилекке каршы анын сырдуу өлүмү азыркыга чейин табышмактуу, билсе дагы ачык айткандан коркушат.

Төмөндө кыргыздын чыгаан уулу Сатыбалды Жээнбековдун замандаштары:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости