www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швециянын прокуратурасы Stram Kurs партиясынын ультра-оңчул активисти Расмус Палуданды сыртынан камакка алды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өз булактарына таянып кабарлашты.

Палудан быйыл январдагы акцияларда Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куран китебин өрттөгөнү менен белгилүү. Учурда ал Данияда жүрөт.

Швед басылмалары Палуданга карата улут аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча тергөө иштери башталганын кабарлашты. Маалыматка караганда, активист Швецияга суракка чакырылган, бирок ал баруудан баш тарткан. Швед полициясы Дания полициясынын жардамы менен Палудан коңшу өлкөнүн аймагында суракка алынышы мүмкүн экенин билдирди.

Маалыматтарга караганда, Палудан Швецияга келсе дароо камакка алынат. Активист өзү Aftonbladet басылмасына берген маегинде Даниядан видеобайланыш аркылуу сурак берүүгө даяр экенин айткан.

Палудан быйыл 21-январда Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куран китебин өрттөгөн. Анкара Стокгольм менен Хельсинкиге Түркияда терроризмге шектелип жаткан күрд активисттерин өткөрүп берүү шартын койгон.

Жыйынтыгында Түркия Финляндиянын НАТОго киришине макулдук берди. Азырынча Швеция боюнча чечим кабыл алына элек.

Швед басылмалары Палуданга Куранды өрттөө кеңешин журналист жана кремлчил активист Чанг Фрик бергенин жазышкан. Маалыматка караганда, Фрик ага бул акцияга байланышкан бардык чыгымдарды төлөп берүүнү кепилдеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости