www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швейцариянын Сент-Галлен шаарындагы ишканалардын биринин жумушчусу эриген алюминий куюлган челекке түшүп, аман калганын РИА Новости полициянын билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.
Белгиленгендей, 25 жаштагы электрик температурасы 720 градус Цельсий болгон эритилген алюминий челекке тизесине чейин кулап түшкөн.
"Ал өзү бутуна турап, ысык челектен чыга алган. Кырсыктын кесепетинен денеси күйүк жана чоң жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.
Жабырлануучу тик учак менен ооруканага жеткирилген.
Учурда милиция окуянын себептерин иликтеп жатат.
Буга чейин Старый Осколдо кондитердик фабриканын цехтеринин биринде кызматкер кайнап жаткан карамель челекке түшүп кеткени маалымдалган. Аял ошол жерден каза болгон.
Булак: NazarNews.kg