www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй-бүлөнүн сапаты коомдун сапатын аныктайт. Үй-бүлө - коомдун негизи. Коомдун кирпичи катары, башкы негизин түзгөн үй-бүлө коом менен мамлекетти түзөт. Ал үчүн бекем, нравалык жагынан оң ден-соолукта жана өнүгүүгө жөндөмдүү болуш керек. Үй-бүлө болсо - коом да болот. Эгер үй-бүлө институту тарай турган болсо, коом да тарайт. Үй-бүлөнүн сапаты коомдун сапатын аныктайт. Акыркы убактарда үй-бүлөнүн бузулуш процесстери заманбап технологиялык прогресстердин өнүгүшү жана либералисттик баалуулуктардын таралышы менен байланыштуу.

Швецияда үй-бүлөнүн ар кандай түрлөрү чыкты: гомосексуалдуу нике, коммуна, чыгымдарды азайтыш үчүн, бирге жашашкан бир топ адамдардын үй-бүлөсү, этникалык азчылыктын уруучулук тобу. Андан тышкары келишим боюнча нике, жарандык нике, көп сериялуу нике, үй-бүлөлүк топ. Батышта бир жыныстагы адамдардын нике курушу өзгөчө кеңири тарап жатат. Эркек менен эркектин, аял менен аялдын никеси жашырылбай ачык легалдаштырылып жатышы жана жогоруда айтылган никелердин көбөйүшү.

Табият берген мыйзамдарга каршы багытталып, жыныстарга тиешелүү функциялардын таш-талканын чыгарып жатат. Эркек жаратылыш тартуулаган өзүнө таандык: таап келүүчү жана коргоочулук милдеттен ажырап жатса, аялзаты-очоктун сактоочусу жана тукум улоочу касиетинен ажырап бара жатат.

Бир жыныстагы адамдардын нике курушу - жамандыктын башаты, ал коомдун, мамлекеттин жана жалпы эле адамзаттын негизин жок кылат. Эгер үй-бүлөнүн кирпичи начар, сапатсыз, формасы жок тегиз болбосо, потенциясы жок болсо, анда коом да формасы жок, туруксуз, бузулган коомго айланат. Адаттагы үй-бүлө - эки жыныстагы эркек менен аялзатынын махабат менен ширелишкен биримдиги, бири-бирине болгон урматтоо сезими жана бири-бирине болгон жоопкерчилиги, ошондон улам жарык дүйнөгө тукум улоо үчүн ымыркай пайда болот. Бул биримдик табият мыйзамдарына баш ийип, төрөлүү процесстери, жаратылыш жана коомдун өнүгүшү үчүн жаңы негиздерди камтыйт. Коомдун ырыс-кешиктүү биримдиги түздөн-түз үй-бүлөнүн биримдигине көз каранды, жөн эле ар кандай үй-бүлөнүн эмес, эркек менен аялдын никесине ширелишкен адаттагы үй-бүлөгө.

1. «Швециялык үй-бүлө» - Швецияда жыпжылаңачтанып алышып, аял-эркектер топтошуп үй-бүлө куруунун жаңы түрүн алып чыгышкан. Мындай эротикалуу үй-бүлө курууну Батыштын өзү катуу сынга алган. Батышты туурайбыз дешкен батышчылдар Кыргызстанда да жок эмес. Кыргызстанда мезгил-мезгили менен Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчылар колдоп жатышкан маскара нике куруулар үгүттөлгөнү менен биздин өзөгүбүздү адаттагы эркек менен аялдан турган нике түзүп турганы кубандырат.

2. 1972-жылы аялзатына артыкчылык берген дүйнөдөгү биринчи мамлекет болгон. Швецияда 1944-жылы эле эркек жынысындагыларды такалай турган мыйзамдар чыккан.

3. Швеция таштандыларды кайра иштетүү боюнча адистешип, өлкөдө 99 пайыз таштандылар кайра иштетилет. Ал эмес кошуналардан таштандылар сатып алынат.

4. Швецияда аял 480 күнгө декретке чыгат. Ошонун ичинде 60 күнүн эркек деле декретке чыкса болот. Швед эркектери мындай шансты кетирбей 60 күнгө декретке чыгышат.

5. Швециянын борбору Стокгольм он төрт аралда жайгашкан. Бул жерлерге VI кылымдарда эле эл жайгаша баштап, 1187-жылы шаар болгон. Стокгольмда 940 миң адам жашайт, агломерацияда 2 миллион адам жашайт.

6. Швеция Нобель сыйлыгынын мекени болуп саналат. Стокгольмда 1901-жылдан баштап Алфред Нобелдин осуяты боюнча жылына сыйлык таратылат.

7. Швед паспорту эң таасирдүү паспорт: 124 мамлекетке визасы жок чыга алат, 33 мамлекетке бараары менен виза алышат.

8. Швецияда королдун бийлиги орнотулган. Карл ХVI Густав 1973-жылдан бери башкарат. Бирок, Швецияда королдун колунда саясий бийлик жок.

9. Швецияда 9 565 жыл толгон эң байыркы карагай бар.

10. Швецияда викингдердин тили сакталган диалект бар.  

11. Элди таң калтырган муздан курулган мейманкана Швецияда жайгашкан. Отель 60 номерден туруп декабрдан апрелге чейин абдан популярдуу эсептелет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости