www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ал өз арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганын белгилеген.
“Иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүн өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл. Ал эми белгисиздик абалы өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда мен премьер-министрдин ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым”, - деген Абылгазиев.
Абылгазиев радио жыштык боюнча кылмыш ишинде эч кандай күнөөсү жок экенин мурда эле белгилеген.
“Буга чейин да айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок.
Менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз. Эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем”, - деп Абылгазиевдин арызында жазылган.
Албетте, бул медалдын бери жагы же жыштык чыры Абылгазиевдин кызматтан кетүүсүнө шылтоо болду десек болот. Ал эми Ак үй, Көк үйдөгү имиштер боюнча, өкмөт башчы өз ишин жолго коё албагандыктан, өлкө экономикасы кагаз жүзүндө гана “өнүгүп”, реалдуу эч кандай жылыш болбогондуктан, банкроттук абалга кабылгандыктан кетүүгө аргасыз болгондугу айтылууда.
Булак: «Майдан.kg»