www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Телефон шылуундары Санкт-Петербургдагы мамлекеттик аэрокосмостук приборлор университетинин профессоруна дээрлик 2,5 миллион рубль которууга аргасыз кылышкан. Бул тууралуу«Известияга» басылмасы жазды.
Окуя 27-29-июнь күндөрү болгон. Шылуундар ал кишиге телефон чалып, өздөрүн Россия Федерациясынын Борбордук банкынын жана ФСБнын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, шантаж кыла башташкан.
«Алар профессорго байланыштуу алдамчылык фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын, эгер ал акчаны которбосо, анда бул тууралуу бардык инстанцияларда жана жумушундагыларга айтабыз деп коркутушкан», - деп айтылат маалыматта.
Натыйжада профессор шылуундардын эсебине 2 миллион 330 миң рубль которгон. Ал киши алданып калганын түшүнгөндөн кийин полицияга арыз жазган.
Учурда окуя боюнча өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Булак: NazarNews.kg