www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Синьхуа” агенттигинин маалыматына караганда КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенди Пекинде кабыл алып, тараптар бир катар маселелерде бир пикирге келе алышкандыгын, бул эң жакшы экенин билдирген кытайлык лидер, “Америка-Кытай мамилелериндеги туруктуулукту камсыз кылууда чоң салым болду” деп мүнөздөмө берди.

Блинкен “Кытайга АКШ президенти Джо Байдендин өтүнүчү боюнча келгендигин” айтып, “Ващингтон менен Пекин өз ара мамилелерди жоопкерчилик менен башкарууга” тийиштигин баса белгиледи. 

Associated Press билдиргендей Байден менен Си Цзиньпиндин “чоң жыйырмалыктын” (G20) Балидеги саммитинде жетишилген келишимдерди иш жүзүнө ашырууга белсене киришүүсү биргелешип аракеттенүүдөгү жолду таба алышат. 

Аталган басылманын маалыматына караганда Кытайга эки күндүк иш-сапары менен келген Блинкендин Кытай лидери менен жолугушуусу акыр аягына чейин белгисиз эле. Мамлекеттик катчы Си Цзиньпин менен жолугушуу болоорун бир саат калганда билдирген. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости