www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзам иштебейт, тартип жок. Баары өз билгенин кылышат. Элди тоногон жагынан, мамлекет баш болуп, соодагер кызыл кулактар төш болуп астыларына ат салдырбайт. Баары эле карапайым калктын жон терсин сыйрып, пайдага туйтунгулары келишет. Элге шарт түзүп, мүмкүнчүлүгүн карайлы дегендер дээрлик жок. Күндүзү чырак кармап издесең дагы табылбайт. Кыргызстандагы абал ушундай.
Өз уул-кыздары өз элин тоноп тойбой жатышса, жөнөкөй эл арманын кимге айтмак эле? Мындайды кыргыз "кайда барба Мамайдын көрү" деген. Туш-тарабынан зөөкүр, ач көз, алкы бузуктардын жеми болуп жатат кайран эл. Мындай итчиликке канчага чыдап түтөөр экенсиң?
Мына айталы, Бишкек-Ошко жол кире 45 доллар, биздин сомго айлантканда дээрлик 4 миң сом. Кыйчалыш учурда 6-7 миңге чейин чыгат. Ошол эле кезде Бишкектен Абу Дабиге билеттин баасы 45 доллар, сом менен алганда 4 миң, айырма жок. Бирок аралык абдан чоң. Ал эми Бишкек- Баткен билеттин баасы 75 доллар, сом менен 6 600 сом. Бул эмне деген шумдук. Ош менен Баткен Абу Дабиден алыспы? Булар эмне деген элдин канын кактабай соргон мителер... Көзөмөл жок, башаламандык деген ушул эмеспи.
Мына ушул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров көтөрүп чыкты. Ички каттамдардын билет баасын төмөндөтү зарылдыгын айтып, карапайым калкка оорчулук жаралып, кыйналып жатышканын белгиледи. Элди ойлогон бирөө жарым калыптыр...
Бийлик, президент Садыр Жапаров дал ушул ички каттамдардын билет баасын асманга чыгарып алышкан компанияларды тизгиндеп, алкымын кыстырып койсо жарашмак.
Мына алалы, Өзбекстанда ички каттамдардын акысы 8-20 доллар экен. Сомго чаксак, 700-1750 сомдон болгону. Мына мыйзам, тартип, көзөмөл бар өлкөнүн элине жасаган камкордугу. Ушул ишти жасап коюш кыйынбы? Деги элди ойлогон өлкө жетекчилери барбы? Авиакомпанияларга "крыша" болуп үлүшкө отурбай койсоңор эле, билет баасы арзандаганы турат.
Булак: NazarNews.kg