www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Африка Республикасынын президентинин айтымында “Путин менен Зеленский африка лидерлери менен өз ара аракеттенүүгө макул болушту”.

ТАРдын лидери Сирил Рамафоса “өздөрүнүн африка лидерлеринин Россияга жана Украинага болгон иш-сапарларында эки лидерге тең жолугушкандыгын, сүйлөшүүлөрдө мындан аркы кызматташуулар да жемиштүү болооруна ишенгендигин” билдирген.

Рамафостун администрациясынын сайтында “Путин да, Зеленский да биринчи жолку бул визиттен кийин да кызматташа тургандыктарын билдиришкен. Кызматташуу процессинин жүрүшү менен чыр-чатактарды четтетүү жана сүйлөшүүлөрдү баштоо-узак мөөнөттөгү тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн негизи болуп берет” деген мүнөздөгү билдирүүсү жарыяланган. 

Мындан тышкары ТАРдын президенти “визит учурунда Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдигин африка өлкөлөрүнүн лидерлери моюндарына алышып, кырдаалды жөнгө салууга сунуш кылынган 10 пунктту” да айтып өттү. Ал “африкалык лидерлер континенттен сыртка биринчи ирээт тынчтык миссиясы менен чыгып жатышкандыгын жана бул тарыхый миссия экендигин” белгилеген. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости