www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин «кансыз согуш» менталитетин, гегемонизмди жана блоктук тирешүүнү бүткүл планетадагы коопсуздук менен тынчтыкты бузат деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Си Цзиньпин Кытайдын Хайнань аралында Боао шаарында өтүп жаткан Азия экономикалык форумуна видео кайрылуусунда Кансыз согуштун коркунучтары тууралуу айтты. Ал конфликттер жер жүзүндөгү тынчтыкка коркунуч келтирип жатканын эскертти.
«Кансыз согуштун менталитети глобалдык тынчтыктын негиздерин гана бузат, гегемонизм жана одоно күч саясаты дүйнө тынчтыгына гана коркунуч туудурарын фактылар дагы бир жолу далилдеди, ал эми блоктук конфронтация 21-кылымда коопсуздук проблемаларын гана курчутат», - деп баса белгиледи Си Цзиньпин.
Булак: NazarNews.kg