www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жума күнү орус президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, Кытай тарап Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүү жолу менен чечилүүнү колдоорун билдирди. Бул тууралуу РИА новости кабарлады.
"Акыркы убакта Украинанын чыгышындагы кырдаал тез өзгөрүүдө, бул эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду... Кытай Орусия менен Украинанын ортосундагы маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү колдойт", - деди Си Цзиньпин.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны демилитаризациялоо үчүн атайын аскердик операция өткөрүү чечимине келгенин билдирген. Ал телекайрылуусунда азыркы кырдаал чечкиндүү жана токтоосуз чара көрүүнү талап кылып жатканын, Донбасс элдик республикалары Орусияга жардам сурап кайрылышканын" айтты.
Путин кан төгүү үчүн бардык жоопкерчилик Украинадагы башкаруучу режимдин абийиринде болорун, украин аскерлерин украин бийлигинин кылмыштуу буйруктарын аткарбоого, куралын таштап, кетпөөгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg