www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров дагы бир жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыктын максаты мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында КРнын жарандарынын кесиптик ишмердигинин жолун улануучулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу.

Бул Жарлык кызматчыларды ротациялоонун шарттарын жана тартибин аныктоого багытталган, мисалы, ротациялоонун максаттары жана түрлөрү, ротациялоону өткөрүү үчүн кызматчынын ээлеген кызматта болуу мөөнөтү, кызматчыны ротациялоодо эмгек акы төлөө шарттары ж. б.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости