www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Президенттин өлүк чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлыгы өз учурунда чыккан жарлыктардын бири десем болот", - деди бүгүн, 25-февралда NazarNews маалымат агенттигине генерал Артур Медетбеков.
- Артур мырза, президенттин өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынсын деген жарлыгы коомчулуктун колдоосуна алынабы?
- Президенттин өлүк чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлыгы өз учурунда чыккан жарлыктардын бири десем болот. Ошон үчүн колдоого алышыбыз керек.
Бирок, коомчулук бул жарлыкты толук колдоого алабы же жокпу деген маселе да бар. Анткени, кыргыз элинде адам каза болгондо мал сойбой коё албайт. Ошон үчүн буга окшогон жарлыктардын маанисине түшүнбөй колдоого албай коюшкан учурлар бар.
Эми ашыкча чыгымга, ысырапкерчиликке тыюу салган жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөп, катуу талап кыла алсак, өлүк чыккан үй чоң чыгымга туш болбойт эле.
Булак: NazarNews.kg