www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки мамлекет башчылары Кытай менен Палестинанын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк түзүлөөрүн жарыялашты. Мындай маалыматты NazarNews агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.

Си Цзиньпин президент Махмуд Аббастын Кытайга болгон сапарын кубаттап, эки мамлекет башчылары өткөн жылдын аягында Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өткөн биринчи Кытай-Араб мамлекеттеринин саммитине чогуу катышып, эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда көптөгөн маанилүү консенсустарга жетишилгенин эске салды.

КЭРдин башчысы Махмуд Аббаска ушул жылдын март айында КЭРдин президенти болуп кайра шайланышына байланыштуу куттуктоо каты үчүн ыраазычылык билдирип, Махмуд Аббас быйыл кытай тарап тарабынан кабыл алынган биринчи араб лидери болду.

Си Цзиньпин Кытай менен Палестина өз ара ишеним жана колдоого ээ болгон жакшы дос жана жакшы өнөктөш экенин баса белгиледи. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмун жана Палестина мамлекетин биринчилерден болуп тааныган өлкөлөрдүн бири катары Кытай Палестина элинин мыйзамдуу улуттук укуктарын калыбына келтирүү жөнүндөгү змыйзамдуу ишин ар дайым бекем колдоп келген, деп айтты ал.

Си Цзиньпин: «Бүгүн биз Кытай менен Палестинанын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктүн түзүлгөнүн биргелешип жарыяладык, бул эки тараптуу мамилелердин тарыхында маанилүү окуя болот», - деди Си.

Кытай муну Палестина менен ар түрдүү тармактарда достук кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк катары пайдаланууга даяр, деп кошумчалады Си.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки мамлекет башчылары Кытай менен Палестинанын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 35 жылдыгына арналган биринчи күндүк конвертке бирге кол коюшту жана ошондой эле эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар документтерге, анын ичинде техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу аземине катышышты.

Тараптар ошондой эле «Кытай Эл Республикасы менен Палестина мамлекетинин стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуу боюнча биргелешкен билдирүүсүн» жарыялашты.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости