www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сирияда Идлибге караштуу Хан Шейхунга жасалган абадан кол салууда алты жаран каза болуп, он жаран жараланды.
Хан Шейхун жарандык коргонуу кызматкери Хамит Кутайни Асад режимине таандык аскердик учактын Хан Шейхундагы бир базарга жасаган абадан кол салуунун натыйжасында дүкөндөргө абдан чоң зыян бергендигин жана жарандык унаалардын зыянга учурагандыгын белгиледи. Кутайни жарандык коргонуу топторунун урандыларды тазалоо иштерин уланткандыгын да айтты.
Бир тараптан Сирияда режим күчтөрүнүн Хомстун курчоо астындагы Хола аймагына жасаган он сегиз аба кол салуусунда беш жаран каза болду. Он беш киши да жараланган аймактагы жарандык коргоо топтору изилдөө – куткаруу иштерин улантууда.
Асад режиминин 2012 – жылы 25 - майда көпчүлүгү бала жана аялдар болгон 100дөн ашуун жаранды өлтүргөн Хола 5 жылдан бери режимдин курчоосу астында. Ал күндөн бери БУУ Холага биринчи жолу өткөн айда чектүү гуманитардык жардам жеткирген болчу. Режим аймакка жардам алып барууга акыркы бир жылдан бери чектүү түрдө уруксат берүүдө.
Булак: "trt.net.tr"