www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын кызматкерлери атайын террористтик даярдыктан өтүп, Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан эки жаранды кармашты.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын жарандары 1994-жылы туулган М.у.Б. жана 1993-жылы туулган А.у.Т. 2019-жылдан бери террористтик мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн, анын ичинде Сириянын аймагында согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Алар эл аралык террористтик уюмдардын эмиссарларынын жетекчилиги астында чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан.  18-августта экөө тең Бишкекке жеткирилип, камакка алынды.

Учурда алар УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg ​​​​​

 

Последние новости