www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте орточо айлык 500 долларды, сом менен алганда дээрлик 44 миңди түзөөрүн Улуттук статистика комитети маалымдады. 

Бирок реалдуу чындык такыр башка экенин көпчүлүк жакшы билет. Статком маалыматты асмандан алып апыртып койсо эле ишенип калчу караңгы эл жок. Чынында айлык-маяна 44 миң сом деген жөө жомоктон алда канча аз.

Дегенибиз, июль айындагы көрсөткүч боюнча орточо маяна 31 миң 994 сомду түзгөнү айтылган. Негизи бул сан деле чындыктан кыйла алыс. Айлык-маяна мындан да төмөн, ашып баратса 10-15 миң сом. 

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен эң төмөнкү орточо айлык Бишкекте берилет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматынан көрүүгө болот. 

Маалыматка ылайык, Россияда орточо айлык 1 575 доллар, Казакстанда 1 миң доллар, Белоруссияда 875 долларды түзөт.

Последние новости