www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскердик-космостук күчтөр Идлибдеги (Сирия) согушкерлердин лагерине сокку уруп, "Катиба Таухид"* террордук тобунун башчысы жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Сирияда согушкан тараптарды элдештирүү боюнча россиялык борбордун жетекчисинин орун басары Олег Егоровдун айтымында, кеп Абу Салох каймана аты бар Мухтаров Сирожиддин Зиявутдинович тууралуу болууда.

Ал Сириядагы өкмөттүк күчтөргө жана жарандык инфраструктурага террордук чабуулдарды уюштурууга катыштыгы бар экени айтылат.

КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррордук борборунун маалыматы боюнча, Абу Салох Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Аталган борбор террорчуну 2016-жылы Бишкектеги Кытай элчилигине болгон жардыруунун координатору деп атаган. Анда жанкечти автоунаасы менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн дарбазасын сүзүп, андан кийин өзү түшкөн автокөлүктү жардырып жиберген.

Эске салсак, 2017-жылы УКМК Мухтаровдун Кыргызстанга терракт уюштуруу үчүн согушкерлерди жибергенин билдирип, анын аракеттерине бөгөт койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости