www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-февралда Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде 427 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алды. Бул тууралуу «TRT Haber» телеканалы билдирди.

Сириянын Идлиб, Халеп, Хама, Латакия, Тартус жана Ракка аймактарынын жер титирөөдөн чоң жоготууга учураган аймактардын арасында болгону белгиленди.

Сириянын түндүгүндөгү ар кайсы жерлерде кеминде 190 жайкын тургун набыт болуп, жүздөгөн жай тургун жарадар болду. Идлибде 100 киши, Алеппо жана Африн айылдарында 70 киши жарадар болуп, 20га жакын жаран каза болду.

Адистердин айтымында, жер титирөөнүн очогу Түркияда болгону менен, сапатсыз курулуштардан улам Сирияда жабыркагандардын саны көп.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-февралда Түркиянын борбордук бөлүгүндө күчү 7,9 баллга жеткен (башында 7,4) болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 284 адамга жетип, жалпысынан 2323 адам жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости