www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убакта индиялык компаниялардын Кыргызстандын фармацевтика жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү сыяктуу тармактарына кызыгуусу өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн эки өлкөнүн ишкерлеринин жолугушуусунда Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев билдирди.
Анын айтымында, индиялык бизнестин Кыргызстандын экономикасына кызыгуусу өсүүдө. Жакында эле бир нече жолугушуулар болуп өттү. Кыргыз тарап инвестиция тартуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Акыркы эки жылда жүргүзүлгөн реформалардын аркасында республика инвестициянын агымын эки эсеге көбөйтө алды. Ошол эле учурда каражаттын басымдуу бөлүгү тоо-кен тармагына эмес, экономиканын реалдуу секторуна жумшалган.
«Мамлекет инвесторлорду мотивациялоочу инструменттерди берүүгө даяр. Бул салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу, ошондой эле коңшу мамлекеттердин рынокторуна чыгууну камтыйт», — деди Умбриэль Темиралиев.
Жыйынга билим берүү, саламаттыкты сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инженердик), маалымат технологиялары, логистика жана эл аралык транспорт тармактарынан 250дөн ашык ишкерлер катышууда. Жолугушуунун бизнес-программасы маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын ичинде ишкердик кызматташуунун келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү каралган.
Булак: NazarNews.kg