www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда аткезчиликке бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аткезчиликке каршы күрөшүүнүн жана УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, 3-февралда Кадамжай районунун аймагындагы коңшу өлкөлөргө товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу менен алектенген адамдарга тиешелүү 20 даректе тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

"Тиешелүү даректерде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда Э.Ш.Н., А.Н.А., С.С.А. жана А.Т.К. аттуу жарандардан 4377 телевизор, 3162 уюлдук телефон, 308 куту акцизсиз тамеки, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна түстүү металл (жез), 11 220 АКШ доллары жана 504 000 сом накталай акча, ошондой эле баасы 1 млн. долларга жакын башка керектөө товарлары алынган.

Учурда товардын баасын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости