www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекетке 30 миллион сом зыян келтирген деп кармалып, камалышкан Талас шаарынын вице-мэри М.М.Байджигитов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Жусупбеков А.Д., вице-спикер Курамаев А.С. жана Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Долдоев М.С. 5 миллион сом төлөшүп, үй камагына чыгышканы боюнча коомдо кызуу талкуу жүрүп жатат.
Чоңдорго миллиондорду жеп, анан анын 10дон бирин төгүп берип кылмыштан кутулуп кете берсе болот тура, карапайым адамдар бир тоок үчүн кесилип кетип жатышат, бали, соттордун адилеттигине дешип нааразы болгондор көп.
Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкенине карабай, Талас шаардык соту кылмыш ишин тергөө учурунда айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 5 миллион сом которгонун эске алуу менен, ошондой эле ден соолуктарына, үй-бүлөлүк абалына байланыштуу баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырылган.
Булак: NazarNews.kg