www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарынын мэриясы менен шаардык кеңешинин кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 5 миллион сом акча каражатын кайтарып беришти. Бул тууралуу «NazarNews» маалыматтык агенттигине УКМКнын маалымат бөлүмү билдирди.

Буга чейин КР УКМК органдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Талас шаарынын вице-мэри М.М.Байджигитов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Жусупбеков А.Д., вице-спикер Курамаев А.С. жана Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Долдоев М.С. кармалышкан.

Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Кылмыш ишин тергөө учурунда айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 5 миллион сом которгон, ал эми бул адамдар тергөө учурунда келтирилген зыяндын бир бөлүгүн кошумча төлөп берүүгө милдеттенишкен.

Белгиленген жагдайларды эске алуу менен, ошондой эле айыпталуучулардын баш коргоо чарасын ден соолугуна жана үй-бүлөлүк абалына байланыштуу өзгөртүү жөнүндө жактоочулардын билдирүүлөрүн эске алып, Талас шаардык соту тарабынан А.Д.Жусупбековго, М.М.Байджигитовго жана Курамаева А.С. карата мурда тандалган бөгөт коюу чарасы (камак түрүндөгү) үй камагына алмаштырылган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун кошумча төлөп берүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости