www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кичи бизнестеги, жаңыдан ачылган ишканалар көйгөйлөрдүн көптүгүнөн иштей албай жатышат. Мындай пикирин “Кант Сүт” ЖЧК директору Сүйүндүк Кыдыров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Урматтуу депутаттар, биздин көйгөйлүү маселени угуп жатканыңыздарга ыраазылык билдиребиз. Бизнести өзүңөр сүйлөшүп албайсыздарбы деп жатасыздар, биз сүйлөшө албаган үчүн сиздерге келип жатабыз. Өндүрүштө товарды өндүрүүгө караганда, аны сатыш кымбат турат. Себеби биз сатыла турган оокатты өндүрүшүбүз керек.

Ошон үчүн сиздер айткандай, “ийлеп-ийлеп итке салгандай”, экспортко чыгарып жатабыз. Экспортко чийки зат боюнча сатып жатабыз, себеби биздин мүмкүнчүлүк ошого эле жетип жатат. Бүгүнкү күндө супермаркеттер кандай гана тоскоолдуктарды кылып жатышат. Чоң компаниялар өз аракеттери менен аракет кылып, макулдашып аларда сатып жатышат. А кичи бизнестеги, жаңыдан ачылган ишканалар көйгөйлөрдүн көптүгүнөн иштей албай жатышат. Себеби, алардын товары кайра кайтарылып, акчасы убагында берилбегени, бул соода тармагынын пайдасына гана иштеген келишим болуп жатат.

Кыргызстандын 70 пайыз айылдарда жашаган эли ушул айыл чарба азыктарынан гана пайда көрөт. Ошон үчүн биринчиден айылдагы элди, өз өндүрүүчүлөрүбүздү колдойбуз десеңиздер, ушул ички соода жөнүндө мыйзамды колдоп бериңиздер. Биз кошуна мамлекеттерге барганда алар “өз өндүрүшүбүздөн чыккан азык-түлүктү жейбиз” деп, ушундай ураан менен мамлекети да, эли да колдоп жатат. А биз болгону ушул ички соода жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу маселесин канча жылдан бери чече албай келебиз.

Айыл чарба министрлигинин эшигин тешип бүттүк, алар бизди колдоп келишет, ал эми Экономика министрлигинин бири колдосо, экинчиси колдобойт. Ушул ички соода жөнүндө мыйзам болбосо, эки бизнес иштеше албай калдык. Колдоп бериңиздер!", - деп билдирди Сүйүндүк Кыдыров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости