www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын алты айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларга 12 миңден ашык айыл чарба продукциясынын үлгүсү түшүп, 28 миң 767 экспертиза жүргүзүлдү.
Маалыматка ылайык, карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди аныктоо максатында лабораторияларга жалпы 12 078 үлгү келип түшкөн.
Анын ичинен:
импорттук карантинге алынган продукциядан — 7 005 үлгү;
экспорттук карантинге алынган продукциядан — 3 725 үлгү;
изилдөө иш-чараларынын алкагында — 683 үлгү;
жарандардын жана уюмдардын кайрылуулары боюнча — 448 үлгү.
Жыл башынан бери лабораторияларда айыл чарба продукцияларына 28 767 экспертиза жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организмдердин 10 түрү аныкталган.
Алардын арасында кызыл кекире, сары чырмоок, кызыл карагай мурутчаны, чие чымыны, томат күбөсү, төрт тактуу буурчак коңузу, сабак дат оорусу, алтын түстүү картошка нематодасы, калифорниялык жана тыт калканчылары бар.
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларда айыл чарба продукциялары зыянкечтерге, илдеттерге, отоо чөптөргө жана нематоддорго карата экспертизадан өткөрүлөт.