www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүсдөгү жылдын январь айында Шопоков шаарындагы ишканалардын биринин өкүлү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 22-январь күнү болжол менен саат 01:00 чамаларында белгисиз бирөөлөр  ишканага киришип, кабелдерин уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 27 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулүк РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудага кылмышка шектелип, 20 жаштагы Б.А. жана Ж.Д. аттуу жарандар кармалган. Кармалган балдар уурдалган кабелдерди базарлардын бирине сатып жибергени аныкталган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын жагы бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости