www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр кеп министрликтин санында эмес, кеп ошол министрликтердин туруктуу жана натыйжалуу иштешине жетишүү, ошол тармакты кризистик абалдан чыгаруу, туруктуу өнүгүү жолуна коюуда. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Бизде «тиги мамлекетте тигинче эле министрлик бар экен, бул мамлекетте мынча эле экен...» - деп салыштыра койгондор көп.  Мындай салыштыруу караманча натуура, ишти оңдоого огожо болгондун ордуна, тетирисинче коомдо туура эмес пикир жаратып, ишке залакасын тийгизет, бийлик түзүмдөрүнө карата ишенимди жоготот.

Анткени:

Биринчиден, ошол мамлекеттердегидей маданият, анын ичинде саясий жана укуктук маданият, ишти уюштуруу, аткаруу, натыйжасына жооп берүү маданияты бизде барбы деген суроо салуу зарыл. Калыптанып калган маданияты, калыптанып калган иштөө тартиби бар жерге азыр бизди салыштыруу караманча натуура, ал жактагыдай ишти уюштуруу үчүн дагы далай там сүзүп, далай мүдүрүлүш керек бизге;

Экинчиден, ошол жактагыдай түзүмдүк эстутум (институциональная память) барбы бизде? Ал мамлекеттерде Өкмөт же Министрлик 40-50 жыл мурда кабыл алган чечимдерин унутпайт, ошолорго карап иш кылат, мурдагы ишти улап жүрүп отурат. А бизде бүгүн көргөн эртең жок, бир жыл мурдагы чечимдерди эч ким эстебейт, эки жыл мурдагы документтерди күндүзү чырак менен издесең да таппайсың;

Үчүнчүдөн, ал жактарда административдик кызмат туруктуу, ким министр болбосун, кайсы партия бийликке келбесин административдик кызмат орундагы адистер иштей беришет, аларга баары бир ким бийликке келгени, биздегидей келе калып кароолчуга чейин алмаштырып жибермей жок.

Азыр кеп министрликтин санында эмес, кеп ошол министрликтердин туруктуу жана натыйжалуу иштешине жетишүү, ошол тармакты кризистик авалдан чыгаруу, туруктуу өнүгүү жолуна коюуда.

Кризистик учурда азыркы сунуш кылынган көп баскычтуу башкаруу түзүмүнүн натыйжалуулу аз, бул дүйнөдө далай жолу тастыкталган чындык. «Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт» - дегендей түзүм. Кризистик учурда «чачыраган жылдыз» форматындагы башкаруу түзүмү колдонулат, жетекчи ар бир түзүм менен түз иштейт, чечимдер түз жана ыкчам чыгарылат, чечимдин аткарылышына ар бир жетекчи түз жооп берет.

Жогорудагы салыштырууга кайрылсак, бул тынч мемиреп турган деңизде сүзүп бара жаткан кеме менен буркан-шаркан түшүп толкуп жаткан деңизде сүзүп бара жаткан кемени салыштыруудай эле, «тиги кемени төрт эле киши башкарып бара жатат, калганы эс алып, ал эмне үчун бул кемени башкарууда жүз киши жүрөт?» - деп сурагандай», - дегшен пикирин калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости