www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү Кайып Шер менен маек.

- 5600 сом менен эл жашаса жашаса болобу, бул акчаны кээ бир олигархтар түшкү тамагына колдонуп жатышпайбы?

- Өкмөт башчысы Улукбек Мариповдун айткан контекстин алалы. Улукбек мырза тамашалагысы келди. Депутат суроо берип Улукбек Мариповдон «5600 сомго жашай аласызбы» деп суроо узатты. «5600 сомго деле жашаса болот, бирок чындыгында кыйын. Сурооңуздун түпкүрүн түшүнүп турам, эң төмөнкү көрсөткүчтү айтып жатасыз», – деди Марипов. Өз кезегинде эл өкүлү жашоо минимуму деп 5600 сомдун бекитилип калганын, базарда баа өсүп бирок айлыктар көтөрүлбөй жатканын айтты. Буга Марипов «арга жоктун иши болууда» деген жообун узатты. Улукбек Марипов келечек үмүт кылган кадр, ал буга чейинкилер үчүн жооп бербейт. Бирок ушуларды түшүнүп жаңыча инерция менен иштеп кетерине ишенем. Баса, мурун 4 сом менен бир үй-бүлө жашап кеткенин айтып берейин.

- Илгери 4 сом эмес, акча албай деле жашап келишкени чын. Бирок заман өзгөрүлдү. Азыркы заманда айына  5600 сомго же сен айткан 4 сомго ким жашай алат?

- Ошол илгеркиден бир кеп козгоп кетейин. Мыктыбек Абдылдаев деген азыркы Жогорку Кеңештин депутаты бар. Бул жөн эле депутат эмес. Аскар Акаевдин заманында Башкы прокурорлук кызматтан баш тарткан. Кийин «Ата-Журт» партиясы чөгөлөп турганда башына келип азыркы мамлекетин башындагы Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен биригип парламенттен өтүшкөн. «Бир бол» партиясы аксап өлөөрүн санап калганда, Мыктыбек Абдылдаевди алдыга салып парламентке өтүшкөн. Ошол Мыктыбек Абдылдаев 4 сом менен жашаган үй-бүлөнүн өкүлү.

- Мыктыбек Абдылдаевди коомдук ишмер, депутат катары көп адамдар тааныйт. Бирок, тарыхка деле кылчайа кетсек болот.

- Мыктыбек Абдылдаев таенесинин колунда өскөн. Таенеси Мыктыбек Абдылдаевди адам кылыш үчүн Казакстанда эмгектенген. Анын эмгегин баалашкан казак эли аны «Социалисттик Эмгектин баатырдыгына» көрсөтүшкөн. Трайбализмби же башка сезимби угушубузча Казакстандын биринчи секретары Динмухаммед Кунаев өзү кабыл алган. Ал деле айткан экен кыргызда Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова сыяктуу баатырлар жер жайнап кетти, биз казактарды көтөрүшүбүз керек. Биз сиз кыргыз болгондуктан «Социалисттик Эмгектин баатырдыгын» бере албайбыз, аны казактар алсын. Бирок сиздин эмгегиңиз үчүн, андан кийинки наамды «Ленин» орденин беребиз дептир. Мына трайбализм каякта жатат. Эгер казак болсо «Баатырдыкты» алмак.

- Өкүнүчтүү, союз убагында деле кан тартып турган тура?

- Ооба да, «Социалисттик Эмгектин баатырдыгын» албай калган Мыктыбек Абдылдаевдин таенеси өз мекени Кыргызстанга кайтканда 4 сом пенсия алган. Ал кызынын баласы Мыктыбекти багып алып, ошол пенсиясы менен бир үй-бүлөнү бакканы аз келгенсип кошуна-колоңдорго жардам берген. Ал Мыктыбек Абдылдаевге кыргыздын кылымдан бери келаткан тарбиясын берип өстүргөн. Кийин Мыктыбек Абдылдаев кызмат тарабынан көтөрүлүп Ысык-Көлдө иштеп кетет. Андан соң Бишкекке которулат, ошондо анын үстүнөн президент Акаев тарабынан жалган кылмыш иши козголот. Ошондо аны жакшы билген Ысык-Көлдүн губернатору Жумагул Сааданбеков ортого түшүп, Мыктыбек Абдылдаев түз иштеген жигит деп Акаевге чейин кирип айткан экен.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости