www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукта мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды

Сокулук районунда мыйзамсыз иштеген медресе аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат тарабынан Кыргызстанда диний кырдаалды жакшыртуу жана ар кандай салттуу эмес агымдардын идеологиясынын диний чөйрөгө таасирин минималдаштыруу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында өз ишмердүүлүгүн тийиштүү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана эч кандай документтери жок «медресе» диний билим берүү мекемеси түзүлгөндүгү аныкталды.

Буга байланыштуу аталган медресенин ишмердүүлүгүн ИИМ, ӨКМ, СЭС, райондук мамлекеттик администрациянын, архитектура жана диний чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык комиссия комплекстүү текшерип, жыйынтыгында КР Дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулгандыгы аныкталды.

Алсак, текшерүү маалында медреседе атайын окуу программасы жок республиканын башка аймактарынан келген 12 жаштан 15 жашка чейинки жашы жете элек 7 бала билим алып жатканы такталды.

Учурда медреселердин ишмердүүлүгү токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди, ал эми мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү уюштуруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүндө "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу" боюнча каралган санкциялар колдонулууда.

УКМК балдарын диний окуу жайларга жөнөткөн ата–энелерди жана жарандарды медреселердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун алдын ала текшерүүгө, анын ичинде эсептик каттоого алуу, тийиштүү уруксат, лицензия жана белгиленген окуу программасынын бар-жоктугун текшерүүгө чакырат.

Последние новости