www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин ишмердүүлүгүндөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери жогорку кызматтагы аткаминерлердин ортосундагы байланышка жамынып, муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталды.

2024-жылдын 13-июлунда аталган соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу газ баллондук жабдыктарда жарылуу болуп, анын кесепетинен бир сатуучу каза болуп, бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

 Аталган фактынын негизинде КР УКМК тарабынан мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору жана инспектору И.К.Б. жана А.Т.А., ошондой эле павильондун ээси М.З.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 Учурда болгон окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө, ошондой эле тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости