www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Келген бийлик баш-аягын жыйнаганча, эсине келгиче өткөрүп кете турган арам ойлорун түртүп жаткан топ да болушу мүмкүн», - деди бүгүн, 19-мартта NazarNews маалымат агенттигине журналист Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, «Жер үй» кени ишке берилди. Кыргызстан үлүшкө ээ болдубу же бу жолу да куру жалак калдыбы?

- «Жер үй» кени эртеби, кечпи ишке берилмек. Бирок кандай шартта, кандай талаптар менен келишим түзүлдү - бул экинчи маселе. Кыргызстан үлүшкө ээ болгон күндө да жердин жана кендин ээси катары өз талаптарын коюп, өз кызыкчылыгын ойлогонун Кудай билет. Муну өлкөнүн башында турган биринчи адам олуттуу чечиши керек. Андай болбосо дооматы оор болот.

- «Жер үйдү» иштетип Кыргызстан уттубу же утулдубу? «Кумтөрдө» кеткен катачылык бул жолу орун алган жок деп ишенсек болобу?

- Кичине шашып кетишти го. Башка олуттуу маселелерди коё тургула, шашпагыла, чыдагыла деп келип эле кенге келгенде шашып калганында шек бар. Келген бийлик баш-аягын жыйнаганча, эсине келгиче өткөрүп кете турган арам ойлорун түртүп жаткан топ да болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да азыркы келген бийлик өтө сак болуусу шарт.

- Жер үйдүн дүңүнөн берилип кетиши боюнча Бабановдун кандайдыр бир күнөөсү барбы?

- Бабанов өз өмүр жолунда эч убакта эл үчүн ойлонгон эмес. Бул жигит бизнесмен. Бизнесмендер табиятынан пайданы гана ойлогон кызыл кулак болушат. Айрыкча Бабановдой бизнестин арам жагын өздөштүргөндөр. Ал бийликке келген учурларда да бизнесин мамлекеттик деңгээлге алып чыгып мамлекетти жеке ишканасындай көргөн.

- Күнөөсү болсо неге Бабанов куспайт, жоопко тартылбайт?

- Ал мамлекеттик деңгээлдеги жетекчи эмес, мамлекеттик деңгээлдеги кызыл кулак. Ага далил катары бир окуяны айта кетейин. Премьер-министр болуп турганда бизнесмендердин налогун бир жыл алдын ала чогултуптур деп укканым бар. Мына ушундай сабатсыз жетекчи албетте жооп бере турган учур келди. Анын миң түрдүү амалына алданбай, эрте күндү кеч кылбай камап, кустурушу керек.

- «Жер үй» маселеси президенттин бетине чиркөө болуп калбайбы?

- Жапаров башынан эл деп зарлап-какшап элдин колдоосуна алынган. Бул учурду эсине кыттай сактап, этият болушу керек. Кайдыгерлик жарашпайт. Эч убакта өзүнүн ички туюмунан баш тартпай, ошого гана баш ийсе ийгилик болот. Сырттан айтылган ойлор адаштырат. Алданбашы шарт. Болбогон нерселерге алданбай сергек болушу керек. Болбосо, бетине чиркөө болот албетте.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости