www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бейөкмөт уюмдар өлкөбүздүн талылуу маселелерди көтөргөн органдарына мите курттай жабышып алып, улуттун канын соруп келе жаткан коркунучтуу вирус», - деди бүгүн, 19-апрелде NazarNews маалымат агенттигине акын Сонунбүбү Кадырова.

- Сонунбүбү эже, бейөкмөт уюмдар жана ЛБГТлар Айзаданын өлүмү үчүн Ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып, аша чаап кетти дегендер четтен чыгат. Бейөкмөт уюмдар чындап адам укугун коргойбу же өз максаттарын ишке ашыруу үчүн чыгабы?

- Мен көп ойлончу болдум ушул бейөкмөт уюмдар боюнча. Ар качандан бир канча өлкө алсырап турганда булардын активдүүлүгү күчөйт. Сен кара жаның менен алек болуп жатканда, башыңды жөлөмүш болуп сырыңды билип, сыр аягыңа сийип турган душмандай эле таасир калтырат. Булар эч убакта кыргызга жакшылык кылбайт.

Тескерисинче өлкөнү азгырып турган албарстылардай эле  сезилет. Айзаданын өлүмүн эле күтүп тургансып чөөдөй ызылдап чыга келишти. Балким, ушул сыяктуу окуяларды  атайын уюштурган, күнү-түнү арамзалыктын схемасын чийип отурган бузуку да болушу  мүмкүн деген ойго кептеле баштадым.

- Буларды мыйзам менен чектеш керек десе, айрымдар жоюш керек деген оюун айтышууда. Сиз бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

- Негизи жоготуп эле жиберсек жакшы болот эле. Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы болуп турганда чурулдап бир жактан чыгышат. Менимче, булар ар тараптуу аракеттин үстүндө иштешет. Окуяны түзгүчтөр, ишке ашыргычтар, кыйкырып чыкчулар болуп. Ушулар журтубуздан жоголсо, ууру катын кеткендей, ушакчы катын өлгөндөй  тынч жашап калаарыбызга ишенем.

- Тең укуктук деп отуруп, кыргыздын салт-санаасына доо кетирип албайбызбы?

- Башында СССРди чачыратканда батыштан түзүлгөн чоң сценарийдин күжүрмөн  каармандары ушул бейөкмөт уюмдар болгон. Элди алдамчылыкка, кызыл кулактыкка, ээн ооздукка, нарксыздыкка, бети жоктукка алып келген бирден бир чоң армиялар ушул НПОлор.

Батышчылдар кыргыз деген касиети күчтүү, өзөгү таза момун элди бузуунун гана үстүндө иштеп келе жатышат. Булар өлкөбүздүн өзөктүү жерлеринде, талылуу маселелерди көтөргөн органдарына мите курттай жабышып алып, улуттун  канын соруп келе жаткан коркунучтуу вирус.

Булар барда  эч кандай мыйзам туура кабыл алынбайт. Мыйзам менен токтотобуз дегендин өзү аңкоолук. Түп тамырынан эле жок кылып, жаап салганы оң. Ал үчүн саясий чоң эрк жана улутка күйгөн жарандардын активдүүлүгү керек.

Батыш өзүнө ыраа көрбөгөн ириген системаны бизге киргизип салганына бөркүбүздөй ишенип, бир адамдай эле каршылык менен токтотуп салышыбыз керек. Ошондо азыркы болуп жаткан баш-аламандыктын өзөгү тазаланат. Анан оң жолго түшөбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости