www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санитардык нормаларды сактабаган 20 мектепке айып пул салынды

Ош шаарындагы 20 мектепке 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Сейиткасым Курбаназаров билдирди.

Анын айтымында, санитардык эрежелерди сактабаган мектептерге айып пул салынып жатат.

«Пандемия башталгандан бери Ош шаарындагы окуучуларда COVID-19 илдети катталган эмес. Кечээ жакында эле окуучулардан оору аныкталды. Ушундан улам мектептерди текшерип, санитардык нормаларды сактабаган 20 мектепке 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул салынды. Ошондой эле мечиттерде да текшерүүлөр жүрүп жатат. Буга чейин бир мечиттин имамына 3 миң сом айып пул салынган», - деди С.Курбаназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости