www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өзүнө өрт коём” деген аялдардын насыясы жоюлбайт

Чүйдөгү Пригородное айылында насыя үчүн өздөрүн өрттөйбүз деп коркуткан аялдардын маселеси ар бири менен жекече чечилет. Бул тууралуу вице-премьер, экономика жана каржы министри Улукбек Карымшаков Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборундагы брифингде билдирген.

Анын айтымында, алардын насыясы жоюлбайт, балким мөөнөтү узартылышы ыктымал.

--“Муниципалдык мекемени басып алгандар Жазык кодексинин негизинде жазаланат. Мен билгенден беш жылдан жети жылга чейин камалат. Мындай жол менен маселе чечилбейт. Көбүнчө ал жерге менчик насыя алгандар жана кредит бергендер менен көйгөй жаралган аялдар чогулган. Айрымдарынын тармактык бизнес менен маселеси болсо, кээ бири банк жана микрофинансы компанияларына өз убагында насыя төлөбөгөндөн жабыркап жүрүшкөн. Чындап эле көйгөй бар экен”, — деп билдирген Кармышаков.

Эске салсак, 15-апрелде Чүй облусунун Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратында нааразылык акциясы өткөн. Анда он чакты аял айыл өкмөтүнүн жанына чогулуп, насыя маселесин чечип берүүнү өтүнүштү жана эгер талабы аткарылбаса өзүнө өрт коюуга чейин барарын билдиришкен. Аялдар пандемия учурунда жумушсуздук күчөгөнүн, ошонун айынан эл насыяларын төлөй албай кыйналып жатканын белгилеп, банктардын насыя боюнча пайызын төмөндөтүү же болбосо такыр жоюп салуу талабын коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости