www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз тээ атам замандан бери эле толгон-токой даары чөптөрдү чоң чеберчилик менен колдонуп келген», - деди бүгүн, 19-апрелде NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, Саламаттыкты сактоо министри түз эфирден уу коргошун ичкенден бери уу коргошун күндүн темасына айланып, билгени да, билбегени да пикирин жазып, чоң талкуу жаратты. COVIDди уу коргошун менен дарыланаарына ишенсек болобу?

- Азыр ирония кыла турган мезгил эмес. Өлкөдө COVID күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Өлүм менен күрөшүп жаткан адам баарына даяр. Бирок, ар бир даарынын фармакологиялык касиети тыкыр изилдениши керек.

Кыргыз тээ атам замандан бери эле толгон-токой даары чөптөрдү чоң  чеберчилик менен колдонуп келген. Анын ичинде уу коргошун дагы бар. Андан көрө биз дагы кээ бир Азия өлкөлөрүн туурап, элдик медицинаны мыйзамдаштырып, катуу контролго алсак, канчалаган медициналык ачылыштарга ээ болоор элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости