www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы баракчаларынан уу коргошун жөнүндө билдирүүлөр «тышкы кийлигишүүсүз» алып салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Жапаровдун Facebook жана Instagram баракчасындагы «коронавирустан тез сакайта турган дары табылгандыгы» тууралуу посту өчүп калган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн билдирүүлөр «тышкы кийлигишүүсүз» жеке демилге менен алып салынды. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул багыттагы илимий-изилдөө иштерин уланта берерин белгилейбиз», — деди Байтерек.

Ал эми Facebook компаниясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстандын электрондук катына берген жообуна президенттин билдирүүлөрү компания тарабынан атайын өчүрүлгөнүн тастыктаган.

«Биз бул постту өчүрүп салдык. Анткени, эч бир адамга, анын ичинде шайланып келген жетекчилерге адамдын ден соолугуна түздөн-түз залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо жана алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды жайылтуусуна уруксат бербейбиз», — деп билдирген Facebook.

Эске салсак, өткөн жумада президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында «Уу коргошун» жана «Иссык-Кульский корень» деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости