www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздү санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктаганыбыз өз убагында башталган, туура саясат болгонун турмуш өзү көрсөттү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен видеоконференция форматындагы жыйында. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы акыркы мезгилде дүйнөдөгү бардык мамлекеттер жаңы шарттарда иш алып баруу жолдорун издеп жатканын белгиледи.

«Биз дагы өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында иштөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издедик. Ал үчүн, негизинен, санарип технологияларга таяндык», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент санарип боюнча алдын ала жасалган даярдык иштери — мамлекеттик кызмат көрсөтүү, социалдык жактан тейлөө, өзгөчө билим берүү ишмердигин токтотпой, карантин учурунда да улантууга негиз болгондугун белгиледи.

IT-штабдын аракети менен бир катар санарип системалары ишке киргизилип, колдонула баштагандыгын кошумчалады.

«Жарандар үйдө отуруп, интернет-технологияларды жана мобилдүү тиркемелерди колдонуу аркылуу түрдүү иш-аракеттерди жүргүзүү мүмкүндүгүнө ээ болушту. Онлайн эсепке алуу маалыматтык системасы, интерактивдик карта жана гуманитардык жардамдын картасы иштелип чыкты. Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында социалдык жактан маанилүү азык-түлүктүн аймактардагы запастары боюнча онлайн система тестирлөөдөн өтүп жатат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда „электрондук уруксат“ системасы иштеди. Ошондой эле дарыгерлерибиздин ишин колдоо боюнча атайын медициналык багыттагы электрондук система  иштелип чыкты», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал коомдук мааниси чоң иш, өлкөнүн санарип өнүгүүсүнүн эң зарыл багыттарынын бири катары билим берүүнү электрондук форматта улантуу болгонун атады.

«Карантиндин шартында окуучуларды аралыктан окутуу жана жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо — биздин эки жылдан бери кылган ишибиздин жемиштүү жыйынтыгынын бири болгонун көрсөттү. Бардык региондун ар бир калктуу конушунда аралыктан окутуу дүйнөгө дүрбөлөң салган илдеттин жайылуу тобокелдигин алдын алууга мүмкүндүк берүү менен катар, билим берүүнүн жаңы технологияларын практикалык сыноодон өткөрдү», — деп белгиледи Президент.

Мындан сырткары, бардык мамлекеттик органдарда электрондук документ жүгүртүү тутуму киргизилип, же толук, же тесттик режимде иштей баштаганын, бул кадам мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карантин убагында аралыктан иштөөгө шарт түзүп бергендигин баса белгиледи.

«Ошондой эле „Санарип Аймак“ платформасы пилоттук режимде иштөөсүн баштады, айрым айыл өкмөттөрүндө үй чарбалары жөнүндө маалыматтар системага киргизилди. Идентификациялык жеке номерлерди ыйгаруу системасы жөнөкөйлөтүлдү», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. 

Ошону менен бирге баланын туулгандыгы, никени каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү, паспортторду берүү боюнча функцияларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости