www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз  Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын Жарлыктарына  ылайык:

— Темиралиев Таалайбек Асанбекович Өкмөттүн Аппарат жетекчиси — Кыргыз Республикасынын министри болуп дайындалды;

— Айдарбеков Чынгыз Азаматович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;

— Жунушалиев Кашкар Астаканович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;

— Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп дайындалды;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды;

— Чодуев Эркинбек Урайымович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды;

— Бейшенов Жанат Саматович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын  транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды;

— Аскаров Замирбек Марипбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

— Исаков Каныбек Абдуваситович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

— Абдикаримов Сабиржан Токтосунович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;

— Жаманкулов Азамат Капарович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды;

— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;

— Опумбаев Орозбек Найманович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Тердикбаев Эрлис Жекшенович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

— Осмонбетов Эмил Кубатович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости