www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө:

«Жарандарыбызды жоопкерчиликке чакырам. Айрым жарандарыбыз чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат», – деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

«Бул илдет жок, бул – саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары – ар бир мекендешимди илдетке кайдыгер карабай, этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент “бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок” деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи.

«Буга кошумча, Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанция сакталбай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер коронавируска каршы күрөш боюнча жасалып жаткан аракеттерди жокко чыгарат», – деп Мамлекет башчысы өкүнүү менен белгилеп, медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылды.

«Катардагы кызматкерлерге эмес, силерге тийиштүү чара көрүлүшү керек. Катардагы кызматкерлер жетекчиликтин айтканын жасашты деп ойлойм. Баарыңар айып пул төлөгүлө», – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков, Коопсуздук кеңештин чакан курамдагы жыйынына катышкан Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып.

Эске сала кетсек, 17-июнда Өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы болуп өткөн. Кубатбек Боронов мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алган. Залда Абылгазиевди узатуу иш-чарасына чогулгандар бет кап тагынбагандыктан, коомчулук аларды сынга алышкан. Бет кап тагынбагандардын арасында Абылгазиев менен Боронов дагы бар болгон. Ал эми учурда жүрүп жаткан пандемияга каршы 1.5 метр социалдык аралыкты сактоо менен бирге бет кап тагынуу керек болчу.

Иш-чаранын аягында Өкмөт башчылар менен мүчөлөрү эстелик үчүн сүрөткө түшүшүп, ал сүрөт талкуунун чордонунда калган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости