www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыгыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү посткризистик мезгилде калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурдагы кырдаалда ишкерликти колдоого багытталган чараларды өз маалында ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи. Ал бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорун колдоо керектигин белгилөө менен орто жана узак мөөнөткө багытталган өнүгүү стратегиясын кайрадан карап чыгуу боюнча өлкө Өкмөтүнө бир катар сунуштарын айтты.

Президент бул кризистен кийинки мезгилге бизнеске түрткү берүүчү чараларды күчтөндүрүүгө жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоого көңүл бурду.

«Импортко көз карандылыкты азайтуу — экономикалык гана маселе эмес, бул өлкөнүн тамак-аш коопсуздук маселесин да камтыйт. Учурдагы кризис шартына жараша талап кылына турган ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн колдоо көрсөтүү механизмдерин дыкат иштеп чыгуу керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал орто жана чакан бизнеске узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды берүү жана экономиканы зарыл болгон өтүмдүүлүк менен убагында камсыздоонун маанисин белгиледи.

«Атаандаштыкта биздин артыкчылыктарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мисалы, экологиялык жактан таза азык-түлүк продукциясын өндүрүү, санарип кызматтарды көрсөтүү, электрондук соода жүргүзүүнү киргизүү, рекреациялык жана медициналык туризм, жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүгө окшогон тармактарды колдоо», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков санарип экономиканы тездетилген түрдө киргизүү зарылдыгын белгилеп, дүйнөлүк пандемия санарип технологиялар чөйрөсүндө суроо-талапты жана перспективаларды да көрсөткөндүгүн кошумчалады.

Санарип технологияларды кеңири колдонуу, ишкерлер үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу эрежелерди иштеп чыгуу, онлайн кызмат көрсөтүүлөрдү күчөтүү, салык мыйзамдарын либералдаштыруу — мунун баары бизнеске болгон административдик басымды жана бюрократияны азайтат.

Президент ошондой эле бизнес-ассоциациялардын ролун күчөтүүгө, жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, ички инвестицияларга стимул берүүгө көңүл бурду.

«Жаңы чакырыктарды эске алуу менен инвестициялык стратегияны карап чыгуу зарыл. Пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана артыкчылыктарды убагында колдонуп калуу үчүн, инвесторлорго оңой жана түшүнүктүү эрежелерди сунушташыбыз керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле экономикалык зыянды баалоо жана жаңы чакырыктарды эске алуу менен, өлкөдөгү ишкерликти өнүктүрүү жана жаңы колдоо программаларын иштеп чыгууну сунуштады.

«Биз ишкердиктин жаңы чөйрөсүн, жаңы маданиятын, жаңы шарттарын жаратышыбыз керек. Ошондуктан, Өкмөт ишкерлер менен биргеликте уникалдуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн аныктаган жаңы стратегияны иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүшү зарыл», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал бүгүн укуктук финансылык чөйрө классикалык банктык кредит берүүгө гана шартталганын кошумчалады.

«Кризистик абалда, экономика „коопсуздук жаздыкчасы“ жоктугунан, узун жана арзан финансылык ресурстарга муктаж. Буга байланыштуу кластердик долбоорлорду каржылоого максаттуу инвестициялык фонддордун түзүлүшү жана кеңири колдонулушу үчүн тийиштүү чөйрөнү түзүү керек экендигин өзгөчө белгилейм», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков. 

Жолугушууда бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн кызыктырган актуалдуу маселелер жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.

Жолугушууга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров катышты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости