www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы «Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралдуу каршылык көрсөттү» деп билдирди.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, «тез арада чара көрүү зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруу» керек экенин айтты.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти. Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынганы айтылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басам-сөз кызматы билдирди. 

Эске сала кетсек, кечээ 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы оңкосунан кетти. Анын кесепетинен 40тан ашуун жаран жарадар болуп, бир жоокер каза болуп, укук коргоо кызматкери Самат курманкуловдун абалы оор боюнча. Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости