www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу мыйзам бузууга чакырыктар ташталууда. Кырдаалды курчутууга кызыкчылыгы бар айрым адамдардын чагымы уланууда. Эгер алар аныкталса расмий эскертүү берилет. Бул тууралуу маалыматты УКМК басма сөз кызматы билдирди. 

Эске сала кетсек, кечээ 7-августта  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү операциясы ишке ашпай, жыйынтыгына бир жоокер каза болду жана 40 тан ашуун адам жаракат алып, милиция кызматкери Самат Курманкуловдун абалы оор. 

Кошумча маалымат УКМК  Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап, операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок экендигин билдирген эле. 

Болуп өткөн окуя боюнча кылмыш иши козголду. Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштургандарга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы да Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тизмесинен орун алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости