www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли Маданият, маалымат жана туризм министри Султан  Жумагуловду акыркы сапарга узатты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Султан Жумагуловдун атасына, үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн 10-октябрда Султан Жумагулов акыркы сапарга узатылды. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Султан Жумагуловдун жакындары, замандаштары, кесиптештери жана бийлектегилер катышты. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү узака  созулган оорудан улам дүйнө салды.

Султанбек Жумагулов 1959 — жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жогорку билимдүү, 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

1991-1993-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары.
1993-1995–жылдары "Kyrgyzstan Chronikle" гезитинде баяндамачы.
1995-2000-жылдары "Асаба" гезитинин баяндамачысы.
2000-2009-жылдары ВВС Британ радиосунун кыргыз кызматында кабарчы жана улук кабарчы болуп эмгектенген.
2009-2010-жылдары КР президентинин катчылыгынын аналитикалык кызматын жетектеген.
2010-2013-жылдары "Азаттык–Медиа" мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору;
2013-2014-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп иштеген;
2014-жылдын 1-августунан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу; 
2014-жылдын 23-ноябрында КТРКнын башкы директорлугуна дайындалган;
2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлугунан бошотулган;
2015-жылы президенттик аппаратта иштейт.
2017-жылы Маданият жана маалымат министри

Булак: NazarNews.kg

Последние новости