www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова “Манастан Чубак кем бекен?” дедиби, айтор кийинки убактарда өзгөчө билдирүүлөр, өзгөчө сунуштар менен дүң болгон чиновниктердин катарын татыктуу толуктап отурат.

Ал эми бугүн депутат айым Махабат Мавлянова ЖКнын жыйынында өзүнүн оюн толуктап кененирээк айтып өттү көрүнөт.

- Өткөн ЖКнын жыйынында сунушумду айтсам коомчулук менин сунушумду эмес, жеке менин жашоомду, өң-келбетимди, абийиримди, намысыма чейин талкуулады. Кээ бир адамдарга карата кээ бирөөлөр кара пиар жасап келишет.  Жалаң гана буйрутма менен иштеген фейк группалар жада калса менин мандатымды ыраа көрбөй тапшырсын деп чыгышты. Кашыктап чогулткан абройумду, ак кызматымды, элиме деген таза ниетимди бир күндө жок кылып жер менен жексен кылгысы келди,-дейт нааразы болгон депутат айым. 

Эске сала кетсек, Кытайлыктардын таламын талаша коюп, бүгүн элдин таламында калды. Эл өкүлү Кытайлык туристер үчүн виза режимин алып салуу же жеңилдетүү керек деген оюнун негизги максаты-Кытайлыктар чет өлкөлөргө саякаттоого корото турчу миллиард деген долларларынын көлөкөсү Кыргыз бюджетине тийип, өлкөнүн багы ачылып кетеби деген үмүттө сунуштаган имиш. 

Эң эле кызыгы кесиптешинин мындай чабал сунушун жарым жартылай колдой турган эл өкүлдөрү дагы жок эмес экен.

Депутаттын сунушу тез арада социалдык тармактарда желдей тарап, эл өкүлүн сынга алып, аны “саткын депутат” катары сыпаттаган интернет колдонуучуларынын армиясы жаралды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости